Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арт жакта, бирөөнүн, бир нерсенин соңунда, артында, оолагыраак жагында. Тебелеп тулаңыңды көп ойнодум, Так болуп баскан изим калар кийин (Шимеев). Тура түшүп, бир аз кийин калып калган Оморбайга кылчайып, шылдыңдап күлүп койду (Элебаев). Силер кичине кийин болгулачы (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү убакыт өткөндө, өткөн соң, кийинчерээкте, соңунда. Бир аздан кийин кайда экенин таап алып, жанына барды (Элебаев). Аздан кийин көзүнөн жаш чыгып, апкаарый түшүп, муунуп кетти (Байтемиров).